2022-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат Польша Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кшиштоф Краевский менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-поляк мамилелеринин бир катар актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Тараптар Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Источник