Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары — Улуттук банк) жалпыга маалымдоо каражаттарында турак жай кооперативдеринин / компанияларынын иши жөнүндө маалыматтарды иликтегенден кийин Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясында кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алууга акча каражаттарын тартуу менен байланышкан тобокелдиктер тууралуу эскертет.

Улуттук банк ачык булактардан алынган маалыматтарга таянып, өз ишин керектөөчү жана ипотекалык кредиттерге альтернатива катары көрсөткөн кооперативдер иш жүзүндө финансылык пирамидаларды уюштуруунун формасы болуп саналарын белгилейт. Өз учурунда Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кооперативдердин жана башка юридикалык жактардын ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин текшерүү максатында бир катар каттар жолдонгон.

Улуттук банк жарандардын көңүлүн интернет булактарындагы маалыматтар боюнча, алардын кыймылсыз / кыймылдуу мүлктү сатып алуусуна акча каражаттарын тартуу максатында ЖМКларда, социалдык тармактарда ж. б. ар кандай ресурстарда маалыматтык кампаниялар жүргүзүлүп жаткандыгына бурат.

Айрым кооперативдердин / компаниялардын ишмердүүлүгү турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок Кыргыз Республикасынын жарандарынын категориясына багытталган. Мындай кооперативдер / компаниялар Россия Федерациясындагы эмгек мигранттарына кыймылсыз /кыймылдуу мүлктүн наркынын 25 пайызынан баштап кооперативге инвестиция салууну сунушташат, андан кийин нөлдүк пайыздык чен боюнча төлөшөт. Белгилей кетүүчү нерсе, бул жерде каржылоону алуу кепилдигинин жоктугу, салынган акчаны жана сатып алынган мүлктү жоготуу сыяктуу тобокелдиктер бар.

Ушул сыяктуу коммерциялык эмес кооперативдер / компаниялар банктык кредиттерге альтернатива катары өз кызматтарын көрсөтүшөт, бирок банктык операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтери жок, ошондуктан алар тарабынан эмгек мигранттарынан депозиттерди кабыл алуу финансылык пирамиданын белгилерин көрсөтүп турат. Дүйнөлүк практикада финансылык пирамидалардын эң кеңири таралган формасы болуп автомобилдерди, квартираларды, жер участокторун ж.б. сатып алуу боюнча программалар саналат. Сунушталган форма сумманын 5% дан 30% га чейин салымын камтыйт, ал эми калганын уюм жаңы кардарлардын туруктуу агымы аркылуу кошууну убада кылат.

Кооперативдер / компаниялар тарабынан кыймылсыз мүлк сатып алууга үлүшчүнүн жарым-жартылай катышуусу, каражаттарды кайтаруунун оптималдуу мөөнөттөрү (10-15 жыл) жана сый акынын алгылыктуу шарттары сыяктуу кызматтарды көрсөтүүнүн жагымдуу шарттары Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында барган сайын популярдуу болууда.

Буга байланыштуу Улуттук банк Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандары мындай кооперативдердин / компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануудан мурда кылдат таразалап, андан кийин гана акча каражаттарын салуу жөнүндө чечим кабыл алышы керек деп эсептейт. Улуттук банк мындай кооперативдердин / компаниялардын ишинде Финансылык пирамидалардын белгилүү бир белгилери бар деп эсептейт, тактап айтканда, элдин жана чет өлкөдө жашаган жаңы катышуучулардын салымдарынын эсебинен каражаттарды түзүү. Ошол эле учурда Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандары сатып алынган мүлк үлүшчүнүн жеке менчиги эмес, кооперативдик / биргелешкен башкарууда жайгашкандыгына көңүл буруусу зарыл, мында кооперативдин ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан анын юридикалык документтерине ылайык мүлктү ажыратуу мүмкүндүгү жогору.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, жогорку социалдык тобокелдиктерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мындай кооперативдерге кирүүнүн шектүү жана пайдалуу эмес шарттарын жана мындай иштин мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Улуттук банктын кайрылуусунун негизинде, Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына бул маалымат тууралуу билдирет.

Источник