Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 26-декабрындагы «2024-жылдагы майрам күндөрүн которуу жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасында 1-майдан 5-майга чейин жана 9-май жумушчу эмес күн болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын 1-майынан 5-майына чейин жана 9-май күнү Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жарандарды кабыл албай турганын маалымдайбыз.

Ошол эле учурда, тез арада юридикалык жана консулдук жардам алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгон мекендештердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн консулдук бөлүмдө нөөмөт жана түз байланыш телефондору иштейт: +7 925 285 50 47; +7 (925) 115 50 47.

Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө барууну башка даталарга пландаштырууну өтүнөбүз.

Источник