2022-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Подольск драма театрына, кыргыздын улуу жазуучусу Ч.Т. Айтматовдун романынын мотиви боюнча коюлуп жаткан «Кыямат» спектаклинин бет ачарына катышуу үчүн барды.

Спектакль башталар алдында театрдын көркөм жетекчиси жана спектаклдин режиссёру О.Ефремов көрүүчүлөргө дүйнөлүк адабияттын классиги Ч. Айтматовдун бестселлери боюнча сахналаштыруунун узак тыныгуусунан кийинки идея жана кайра жаратуу процесси боюнча кыскча баяндап өттү.

Спектакль аяктагандан кийин режиссёрго жана ролдордун башкы аткаруучуларына Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө, ошондой эле Ч.Т. Айтматовдун чыгармаларын популяризациялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Источник