2022-жылдын 31-октябрында Элчиликте Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Саматтын Грек Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Е. Нассика менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-грек мамилелеринин бир катар актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Тараптар Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

 

Источник